8
Газеталардагы макалалардан
Кыргыз Республикасынын Эл акыны
Майрамкан Абылкасымова:
Менин жеримди үшүк алды
Жакында эле сөз чебери Майрамкан Абылкасымованын
мааракеси болуп өттү, “ВБ” редакциясы
Кубан Мамбеталиев менен биргеликте ага
арнап атайын интервью уюштурган.
- Аскар Акаевдин учурунда “Үшүк” аттуу
китебиңизди чыгардыңыз эле. Муну менен
сиз бийликке коңгуроо каккаңызды туйдуңуз
беле?
- Китеп Акаевдин үчүнчү мөөнөтүндө
жарыкка чыккан. Анын үзөңгүлөштөрү
бул аталышты жактырышкан эмес,
анткени алар өз мезгилин “бейиш”
доору катары эсептешчү. Акаевдин
үй бүлөсү үйлөгөн чаңдуу идеологдор
буга өзгөчө ынтаа коюшкан.
- Ал китепте Атаке
баатырдын портрети берилген
экен, аны кайдан алдыңыз?
- Аны бир сүрөтчү аял тарткан.
Биз, баатырдын тукумдары, ага
баатырдын муундан муунга эсибизде
сакталып келе жаткан оозеки
портретин айтып бердик, ал болсо
аны кагазга түшүрдү. Менимче
окшош болгон.
- Атаке баатырдын эстелиги Кеминде коюлган, туурабы?
- Ооба, ал Акаевдин тушунда коюлган. Бул иште Медет Садыркуловдун салымы өтө чоң, ал бул ишти өзү көзөмөлдөп бүтүрткөн.
- Ал дагы баатырдын тукумдарына киреби?
- Анын энеси – Атакенин небересинин кызы болгон. Анын атасынын
аты Дур Мамбетаалы уулу болгон. Ал падышачылык
доордо Сайлык айылына (Токмокко жакын
жердеги) мектеп курган, анда акын Тоголок
Молдо жана башка белгилүү адамдар билим
алышкан. 1919-жылы эл агартуучу Дурду совет
бийлиги аттырган. Менин атам Абылкасым
андан билим алган экен. Медет Садыркулов
жаңы мектептин курулушун негиздеп, ал
ага Дур атанын ысымы коюлган.
- Сиз Атаке баатыр жөнүндө драма жаздыңыз эле, ал сахнада коюлду беле?
- 2004-жылы ал драма Кыргыз драма театрында коюлган. Ал пьеса үчүн мени “Манас” ордени
менен сыйлашкан. Бул россиянын императору
Екатерина Экинчиге биринчи болуп кыргыз
элчисин жиберген менин бабаларым жөнүндө
эскермеге өз салымын кошту деп ойлойм.
Менин бул пьесамды Россиянын Кыргызстандагы
элчиси жана Москвадан келген расмий өкүлдөр
көрүшкөн. Мен мындан сырткары бабаларымдын
дагы бири Түлкү баатыр жөнүндө пьеса
жана кино сценарий жазгамын. Тилекке
каршы, фильмди тартканга азырынча демөөрчү
табыла элек.
- Балким, алар мындай трагедиялуу сюжетке демөөрчү болууга чамалары жетпей жаткандыр. Сиз сценарийде, эмне себептен Түлкү баатыр Жаңыл мырзанын жебесинен окко учканын көрсөттүңүзбү?
- Албетте, бул деген сюжеттин өзөг да. Деталдарына токтолбой эле коеюн. Акын Акбар Рыскулов “Жаңыл жаңылганда” деген ыр жазган.
- Менимче, Жаңыл жаңылбаш керек эле, балким өз намысын коргогондур.
9
- Ооба, биздин тарыхтын барактарын туура толтурушубуз керек. Бул биздин өткөндөрдүн астындагы ыйык милдетибиз эмеспи.
- Василий Шукшин азыр тарыхка кирип калды. Айтып берсеңиз, андай улуу адам менен кантип баарлашып калдыңыз эле?
- Аны менен мени Москванын бир ресторанында Валентин Распутин тааныштырган болчу. Шукшин мага өзүнүн аңгемелери жазылган китепти мага белек кылган. Андан соң аны менин жолдошум Сагын
Наматбаев кыргыз тилине которгон. Кийинчерээк
ал дагы Василий Макарович менен жолуккан.
Анын эки томдугун которду. Распутин, Белов
жана Шукшиндер дос болушкан, мени алар
“рак менен пиво” ичкенге дайыма чакырып
турушчу. Алар менен пиво ичишип жүрдүм,
бирок рак мага жакчу эмес. Бир учурларда
алар бизге конок болуп келишкен, биз жолдошум
экөөбүз аларды Ысык-Көлгө алпарганбыз.
Аларды биздин даамдуу тамагыбыз болгон
чучук менен коноктодук, биздин балыктан
жеп, абдан тамшанып кетишкен.
- Биздин тоо чокуларынын бирине Владимир Путиндин ысымын койгонго кандай карайсыз?
- Менимче, ал киши татыктуу. Ал азыркы замандын көрүнүктүү лидери.
- Сиздин кыргыз курбалдаштарыңыздын дээрлик көпчүлүгү белгилүү адамдар эмеспи, туурабы?
- Бул мезгил биздин жаштык курагыбыз. “Ленинчил жаш” газетасында жаш таланттардын бирикмеси болгон, биз баарыбыз ага
мүчө элек.
- Ошол мүчөлөрдүн кызыктуу каймана аттары болсо керек эле?
- Мейли эмесе, бул тууралуу айтып берейин. Азыркы Эл акыны жана Кыргызстандын Баатыры Бексултан Жакиевди биз Петя Буйный деп койчубуз, эмнеге экендигин айтпай эле коеюн. Прозаик Кеңеш Жусупов
Кеша Тихий болчу, ал эми акын Жолон Мамытовду
Жорка Сытый деп атачу элек.
- Салижан Жигитов да ошол компаниянын мүчөсү беле?
- Албетте, анын аты Сашка Лысый болчу. Мени болсо, Маргарет Тетчер деп коюшчу, анткени мен шляпа, шым кийгенди жакшы көрчүмүн. Азыркыга
чейин кийем. Өзүмдүн шляпаларымдын коллекциясы
бар.
- Совет идеологиясы үлгү болчу беле, же кандай?
- Азыркы партиялардын идеологияларын түшүнбөйм. Мурда “Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн” деген ураан бар болчу, азыр болсо, “Баары бирөөнүкү” максаты
– уурдоо жана кымтуу. Кыргыздарда совет
бийлигине чейин өзүнүн идеологиясы болгон
– үй-бүлөдөн урууга, уруудан улутка, жерден
элге деген. Бул түшүнүктүү жана акыйкаттуу
эле.
- Эмнеге совет бийлиги Калыгул жана Арстанбектин чыгармаларына тыюу салган?
- Алар өз доорунун башкаруучуларына каршы өтө сындаган ырларды жазышкан. Ошондуктан Компартия тыюу салган. Менин чоң атам
10
- Калыгулдун чыгармалары менен тааныштырган, ал көрсө биздин сары-багыш уруусунан болгон экен. Бул согуш жылдарында болгон, ал кезде мен
лезгинка бийлеп жүргөм.
- Бул кавказ бийин сизге ким үйрөттү эле?
- Ошол жылдары Орто Азияга көчүп келишкен Чечендер. Алар биздин Кеминге да келишкен болчу. Ошентип, бул бийди үйрөнүп калгам. Чоң менин артист болушумду каалабагандыктан бийлегениме каршы болчу,
андан көрө Калыгула атадай ыр жазганымды
каалачу. Чоң атамдын каалоосун аткарып,
мен акын болуп калдым. Согуш жылдары мен
сатиралык пьесаларды жазып, айылдагыларга
коюп берчимин, жаштарга жакчу, бирок улуулар
жактырчу эмес.
- Эмнеге?
- Анткени мен, өз малы үчүн колхоздун чөбүн уурдагандар тууралуу жазчымын. Андай баарына эле жакпайт да.
- Түшүнүктүү, чиновниктерди чырылдаткан саясий лирикаларды жазууга эмне түрткү болду? Же аларды ойлонтпойбу?
- Ойлонтпогондочу, өзгөчө менин уруулаштарым- сары багыштар мени
жемелеп жүрүшөт. Алар байлык менен бийликти
жакшы көрүшкөндөр үчүн бул катуу тийсе
керек.
- Бул деген медалдын эки бетиндей эмеспи. Бийлик болбосо, байлык жок, байлык болбосо бийлик жок дегендей. Алар сизди эмнеге жемелеп жүрүшөт, айтып берсеңиз?
- Анткени мен алардай болуп жасакерлене албайм. Белгилүү генералга айтканым бар: эмне үчүн силер президенттен чындыкты жашырасыңар, эмне анчалык баарыңар ашыкча жасакерсиңер?- десем, ал дагы бир жаш ишмер дароо мага таарынып калышты. Өздөрүн андай деп эсептешпейт экен,
өздөрүнө сын бере албайт.
- Ыйык китепте айтылгандай ар кимиси өз кылганы үчүн жооп берет...
- Ооба, бирок алар дагы күнөөлүү да, анткени алгач Акаевди анан Бакиевди мактап-жактап жатышса. Биз аларга биринчи мөөнөткө чыкканда добушубузду бергенбиз. Бул тууралуу ыр да жазгам.
- Курч сөз сөөккө жетет дегендей. Сиз менимче, ишенимиңизди жоготкон жоксуз, дагы да болсо жакшылыктан үмүт үзбөй келесиз, туурабы? Болбосо неге “Эмнеге эртеңкиге караймын, менин жазым кайра келчүдөй” деген ыр саптарын жазбайт элеңиз.
- Жазым менин артта калды, алдыда –күз. Бирок мен дайыма кыял менен жашап келем, кыялдын чеги жок эмеспи. Башкысы, элибиздин намысын сактап калуу керек, келечек үчүн жерди сактап калуу керек. Мекендештерди эки жүздүү болбой, бийликке жасакерленбей, туура
жүрүүгө чакырат элем. Биздин бабаларыбыз
башкаларга дайыма үлгү болуп келген,
эч кимге баш ийген эмес, Чүй өрөөнү үчүн
өз өмүрлөрүн кыйышкан. Бүгүн алардын
тукумдарына эмне болду...
- Сизге чоң рахмат. Көп жашаңыз.
Маектешкен Кубан Мамбеталиев.
11
Аскар Акаев
Урматтуу Майрамкан
Эже! Бүгүнкү кутман курак маарекеңиз
жеке Сиздин үй-бүлөңүз жана Сиз жараткан
учкул поэзиянын күйөрмандары үчүн гана
эмес, руханий дөөлөттү аздектеген жалпы
элибиз үчүн да зор окуя. Ошондуктан калайык
калкыбыздын атынан бул майрамыңыз менен
куттуктап коюга уруксат этиңиз. Сиздин
кубанычыңызга тең ортоктош адамдардын
чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектери
менен катар менин жана менин үй-бүлөмдүн
да куттуктоосун кабыл алыңыз. Ушул мааракеге
байланыштуу чакыруу кагазын алганымда
бир окуя эске түштү. Лириктер менен физиктредин
доору аталган 1970-жылдары Ленингград шаарында
окуп жүргөнүмдө Орто Азия республикаларынын
ичинен биринчи болуп кыргыз кызы Майрамкан
Абылкасымова Буткүл союздук жаштар сыйлыгынын
лауреты болгондугун борбордук газеттен
окуп, ал жердеги кыргыз жаштарына сүйүнүч
менен кабарлагандыгым күнү бүгүнкүдөй
эсимде. Бара-бара жаштык, сүйүү темасындагы
өтө таасирдүү ыр саптарыңыз жаштардын
махабат катарында көбүрөөк колдонуп
жүргөндүгүн билдим. Ошондон ушу күнгө
чейин ар бир жаңы ыр китебиңизди күтүп
окуган Сиздин миңдеген окурмандарыңыздын
арасында мен да бар экендигиме ар дайым
кубанычтамын. Мекенге кызмат өтөөнү өзүңүздун
акындык миссияңыз сыяктуу ыйык сезип
келесиз. Эл, жер темасындагы ырларыңыз
жана "Ата Журт", "Ата конуш"
поэмаларыңыз азыр доор өзгөргөн күндө
да өзүнүн поэтикалык күчүн жана патриоттук
сезимин жоготкон жок. Кайра тескерисинче,
өлкөбүз өз эркиндигине ээ болгондо жаңы
мааниге ээ болуп, окурмандарын табууда.
Нукруа поэзия гана ушундай касиеттке
ээ боло алат деп ойлойм. Ал эми "Эстелик
сүйлөйт" аттуу поэмаңыз согуш темасын
терең чагылдыра алган бирден бир чыгарма
экендигин окурмандар жакшы билет. Көп
чыгармаларыңыз боордош жана чет тилдерге
которулуп, өз улутуңуздун атын, рухун,
маданиятын башка элдерге таанытуу да
эмгегиңиз чоң болгондугун баса белгилей
кетким . Эмгегиңиз эл тарабынан жогору
бааланып "Кыргыз эл акыны", "Токтогул
атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты"
наамдарына татыктуу болдуңуз. Эң негизгиси
- көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап, алардын
сый-урматына арзый алдыңыз. Чыгармачыл
адам үчүн бул зор бийиктик эмеспи. Жаңы
ырларыңызды жакында гезиттен окуган
соң Майрамкан эжебиз дагы да болсо жаңы
чыгармачылык изденүүнү үстүндө экен
деген илгери үмүттө калдым.
Асыл маарекеңиз
менен дагы бир ирет чын ниетимден куттуктайм.
Чыгармачылыгыңызга жаңы табылгаларды,
өзүңүзгө чың ден - соолук, үй-бүлөңүзгө
бакты-таалай, ал эми Сизди жараткан калайык
журтубузга бейпил турмуш, бакыбат жашоо
каалайм. Чын жүрөктөн чыгып, чын жүрөккө
жеткен ырларыңызды поэзиянын пири - канатуу
Пегас касиети колдой жүрсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти Аскар Акаев
Бишкек шаары,
Өкмөт Үйү 1996-жылдын 27-октябры.
12
Корутунду
Бул курсттук иште биз Майрамкан
Абылкасымованын чыгармалары менен
тааныштык. Озубуз учун коп
жаны жана кызыктууну ачтык.
Биз кыргыз адабиаты жонундо
элесибизди байыттык. Эми, элибиздин
маданиятын башка олколорго
тааныткан дагы бир нур бар.
Биздин элибизде мындай таланттуу
инсандар коп.
Бул иште биз анын төмөндөшүн жана
өнүгүүсүн, сыйлыктары, чыгармалары
менен тааныштык. Биз Майрамкан
Абылкасымованын ошол чыгармачылык
жолун кордук.
Кыргыз республикасынын эл
акыны катары М. Абылкасымованын
адабият дүйнөсүнө кошкон салымы
эбегейсиз зор. Оз чыгармалары
менен бул акын айым кандайдыр
бир деңгээлде жан дүйнөсүн
чагылдыра алган жана кагаз
бети аркылуу ал байлыгын оз
эли менен ийгиликтүү бөлүшкөн.
Майрам Абылкасымованын ийгиликтери
окурмандарын сүйүндүрбөй койбойт.
1984- жылы Токтогул атындагы мамлекеттик
сыйлыкка татыктуу болгону да көп нерсени
айтып турат. Анткени, бул деңгээлге, жөнөкөй
сөз менен айтканда , ар бир каалаган адам
эле жетише бербейт эмеспи. Мындан сырткары,
акындын башка сыйлыктары да бар эмеспи.
Жетишкендиктердин баары бул инсандын
өзгөчөлүгүн чагылдырып турат.
Жөнөкөйлүк, адамгерчилик, койгон максатына
жетише билүү, жан дүйнөсүнүн байлыгы
акындын адамдык сапаттарынын бийиктигин
чагылдырып турат.
Мен өз курстук ишимде Майрам Абылкасымованын
чыгармачылык жашоосун өркүндөп- өсүшүн, чыгармаларынын маанилеринин
тереңдигин, анда катылган сырларды чагылдыруунун
аракетин көрдүм. Мындан сырткары, анын
адамдык деңгээлинин өзгөчөлүгүн да белгилеп
кетким келет. Айта кетчү нерсе, чыгармачыл
адамдардын баарынын эле жан дүйнөсү башкача
болот эмеспи... Ошону сыңары эле биздин
акын да өзгөчөлөнүп турат.
Сөз акырында , Майрам Абылкасымовадай
инсандардын кыргыз элинде бар
экенине сыймыктанып жатканымды айткым
келет. Жана ошондой эле дал ушундай инсандардын
көп болушун каалап кетээр элем.
13
Сүрөттөр
(Майрамкан Абылкасымова)