Кыргыз адабият. Проектинин тиби маалымат беруу

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 16 Декабря 2013 в 20:42, курсовая работа

Краткое описание

Озумдун ишимде жалпыга белгисиз болгон жазычуу айым Майрамкан Абылкасымованын чыгармаларындагы баардык сулуулук жана маданияттуулугун корсоткум келди. Менин курсттук ишимде ал кишинин жашоосун, жана жашоосунда болуп откон окуялар жонундо айтып берем. Шагын сындырып албаган тоскоолдуктар тууралу. Биз кызыктуу саякатка чомулобуз жана биз жалпылаб анын иштеринин укмуштуулун чечмелейбиз. Бул курстук иште биз кыргыз адабияты жөнүндө, тактап айтканда, биз, көп белгилүү эмес акын айым Майрамкан Абылкасымова жөнүндө көп сырларды жана кызыктууну билебиз. Биз анын өмүр баяны , сыйлыктары, анын чыгармалары менен таанышабыз. Ошондой эле, акындын өнүгүүнү көздөй тандаган жолун көрөбүз.

Содержание

1-бөлум


Киришүү........................................................................................................................................1

Биографиясы................................................................................................................................2


2-бөлум


Чыгармачылыгы.........................................................................................................................3

Ыр жыйнактары..........................................................................................................................6

Сыйлыктары................................................................................................................................7


3-бөлум


Пикирлер......................................................................................................................................8

Макалалары................................................................................................................................9

Корутунду....................................................................................................................................12


4-бөлум


Сүрөттөр......................................................................................................................................13

Адабияттардын тизмеси...........................................................................................................16

Прикрепленные файлы: 1 файл

Майрамкан.doc

— 416.00 Кб (Скачать документ)

№29 гимназиялык мектеп – комплекси

 

 

 

 

 

Кыргыз тили кафедрасы

Изилдөөнүн багыты: Кыргыз адабият

Проектинин  тиби маалымат беруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Автору:

Иманходжаев Мансур.

10 «А»

Жетектеген:

Бекташова Э.К

 

 

Бишкек.ш 2012

 

Мазмуну

1-бөлум

 

 

Киришүү........................................................................................................................................1

 

Биографиясы................................................................................................................................2

 

 

2-бөлум

 

 

Чыгармачылыгы.........................................................................................................................3

 

Ыр жыйнактары..........................................................................................................................6

 

Сыйлыктары................................................................................................................................7

 

 

3-бөлум

 

 

Пикирлер......................................................................................................................................8

 

Макалалары................................................................................................................................9

 

Корутунду....................................................................................................................................12

 

 

4-бөлум

 

 

Сүрөттөр......................................................................................................................................13

 

Адабияттардын тизмеси...........................................................................................................16

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

Кириш соз

 

Озумдун ишимде  жалпыга  белгисиз  болгон  жазычуу  айым  Майрамкан  Абылкасымованын  чыгармаларындагы  баардык  сулуулук  жана  маданияттуулугун  корсоткум  келди.  Менин  курсттук   ишимде  ал  кишинин  жашоосун,  жана  жашоосунда  болуп  откон  окуялар  жонундо  айтып  берем.  Шагын  сындырып  албаган  тоскоолдуктар  тууралу.  Биз  кызыктуу  саякатка  чомулобуз  жана  биз   жалпылаб  анын  иштеринин  укмуштуулун  чечмелейбиз. Бул курстук иште биз кыргыз адабияты жөнүндө, тактап айтканда, биз, көп белгилүү эмес акын айым Майрамкан Абылкасымова жөнүндө көп сырларды жана кызыктууну билебиз. Биз анын өмүр баяны , сыйлыктары, анын чыгармалары менен таанышабыз. Ошондой эле, акындын өнүгүүнү көздөй тандаган жолун көрөбүз. Биз бирге анын алдыда чыккан кыйынчылыктардан жана тоскоолдуктардан өтүшүн көрөбүз. Менин ишим анын чыгармачылыгынын бүткүл тереңдигин жана сулуулугун ачууга арналган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2

Биографиясы


 

Кыргыз Республикасынын эл акыны  Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда  Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылында туулган.

Ал алгач өз айылындагы 7 жылдык мектепти бүтүп, Фрунзедеги кыздар педагогикалык окуу жайына кирип, 1953-жылы аяктагандан кийин В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология бөлүмүн 1958-жылы бүткөн.

1958-60-жылдары Ош шаарындагы “Ленин  жолу” газетасында кызматкер, 1960-62-жылга чейин Ош пединститутунда окутуучу болуп иштеген. Акын “Ала-Тоо” журналынын адабий кызматкери (1962-70), Жазуучулар союзунун Ысык-Көл областы боюнча консультанты (1970-72), 1973-жылдан 1992-жылдардын аралыгында “Ала-Тоо” журналынын поэзия бөлүмүн жетектеп, 1993-жылдан бери “Асылзат” газетасынын редактору болуп жемиштүү эмгектенип келе жатат.

М. Абылкасымова мектепте окуп жүргөн кезинде эле адабиятка кызыгып, кыргыз акындарынын ырларын жан  дили менен берилип окуган. Педагогикалык  окуу жайына киргенден баштап акындык өнөрдүн түмөн түйшүктүү жолуна баш оту менен кирген.

Анын алгачкы ырлары “Жеңишбек” деген ат менен 1952-жылы жарык көрүп, ошондон баштап ырлары басма сөз  беттеринен орун ала баштаган.

Акындын биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы “Кичинекей досторго” деген ат менен басмадан жарык көрүп, ага удаалаш эле “Чолпон” (1962), “Быйыл жаздын гүлдөрү көп” (1965), “Ишеним дайым жүрөктө” (1968), “Аскар” (1970), “Ата журт” (1973), “Сен билесиң мекеним” (1973), “Менин бүтпөс ырларым” (1977), “Гүлдөр суу сурайт” (1983), “Ата журт дайым көңүлдө” (1987), “Үшүк” (2001) аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактары басмадан басылып окурмандардын кызыгуусун арттырды.

Поэзияга ышкыбоз кыз-келиндердин  арасынан республикалык жана союздук  сыйлыкка татыктуусу М. Абылкасымова болду. Акындын “Эстелик сүйлөйт”, “Сен билесиң мекеним” аттуу поэмалары жана “Ишеним дайым жүрөктө” деген ыр китеби үчүн 1970-жылы Ленин комсомолунун сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми “Гүлдөр суу сурайт” ырлар жыйнагы үчүн М. Абылкасымова 1984-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болду.

Акындын ырлары орус, украин, француз, болгар тилдерине да которулган. Уолтер Мэйдин котормосунда анын көптөгөн ырлары англис тилине которулуп, өзүнчө жыйнак болуп чыкты.

М. Абылкасымова улуттук адабиятка  кошкон зор салымы үчүн “Ардак Белгиси”, 2005-жылы “Манас” ордендери, медалдар, грамоталар менен сыйланган. 2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалына татыктуу болгон. И. Арабаев атындагы университетинин ардактуу профессору (2006-ж.) акын өткөн тарыхка кайрылып, Түлкү, Шабдан баатырлар, Курманжан датка тууралуу ырларды, поэмаларды жазып, чыгармачылыктын үстүндө талыкпастан эмгектенип жатат.

 

 

 

 

 

 

 

 

3

Чыгармачылык жолу

Алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык  көргөн. 1961-ж. “Кичинекей досторго” туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. “Быйыл жаздын гүлдөрү көп” (1965) аттуу ырлар жыйнагы традициялуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген. “Ишеним дайым жүрөктө” (1968) жыйнагында лирикалык ырлардын көпчүлүгү турмушка, өмүргө, сүйүүгө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Абылкасымованын ырлары сыр жашырбаган ачыктыгы, табигыйлыгы, окурман менен ыймандай сырын тең бөлүшө билгендиги менен жугумдуу.

Акындын 60-жылдары жазылган ырларын окуган окурман анын чыгармачылыгынын идеялык-тематикалык диапозону кенен, өзүнүн жеке туйгу сезимдеринин граждандык пафос,философиялык -психологиялык, публицистикалык ой-толгоолор менен жуурулуштура сүрөттөп берүүгө жөндөмдүү экендигин баамдайт. Жаратылыш – Абылкасымованын бүткүл чыгармачылыгындагы бүтпөс поэма. Жалпы эле экология проблемасы “Гүлдөр суу сурайт” жыйнагында курч коюлган. Мында жазды сагынуу, күтүү, кумарлануу сезимдерине, табияттын пейзаждык боёкторуна арналган саптар арбын. Абылкасымованын чыгармачылыгында улуттук поэзиянын салттуу уйкаштыктагы ырларына караганда ак ыр, эркин ыр формасында жазылган ырлар басымдуу.

Кыргыз  эл акыны Майрамкан Абылкасымованын  ысымы жана чыгармачылыгы кыргыз журтчулугуна гана эмес, алыскы-жакынкы  чет өлкөлөргө чейин кеңири таанымал.

1961- жылы «Кичинекей досторго» деген  биринчи поэтикалык жыйнагы жарык  көргөн. «Быйыл жаздын гүлдөрү  көп» (1965ж.), «Гүлдөр суу сурайт»  (1970 ж.), «Ата журт» (1973 ж.), «Менин  бүтпөс ырларым» (1977 ж.), «Жашыл көлүм» (1986 ж.), «Үшүк» (2001 ж.) ырлар, поэмалар жыйнактары, «Атаке баатыр» (2004 ж.) драмасы менен окурмандарга кеңири белгилүү. Чыгармалары орус, украина, казак, англис, француз, монгол, болгар ж.б. тилдерине которулуп чыгарылган.

М.Абылкасымовага кыргыз адабиятын  өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 1980-жылы «Кыргыз Эл акыны» ардактуу наамы ыйгарылган. 1968-жылы «Сен билесиң менин мекеним» чыгармасы үчүн Бүткүл Союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон (Бул наамга Кыргызстандан болгону эки гана акын М.Абылкасымова, С.Суслова арзыган). Ал 1984-жылы «Гүлдөр суу сурайт» поэтикалык жыйнагы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. 1970-жылы «Эмгектеги каармандыгы үчүн» жана 1972-жылы «Тынчтыкты коргоо» медалдары, 2005-жылы III-даражадагы «Манас» ордени, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Ардак» медалы, 2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ВОИС) Алтын медалы менен, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 85-жылдыгынын медалы менен сыйланган.

Ушул тапта да ал чыгармачылыгын үзүрлүү улантууда. Кыргыз Улуттук  жазуучулар Союзунун президиумунун  жана республикалык аялдар комитетинин  мүчөсү катары коомдук иштерге активдүү катышууда.

Кыргыз улуттук адабиятынын  жана маданиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, республиканын коомчулугунун, маданий-илимий ишмерлердин кайрылуусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз эл акыны, III-даражадагы «Манас» орденинин ээси, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты .

4

Майрамкан Абылкасымовага «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүү Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5

Чыгармачылыгы

 

Майрамкан Абылкасымова

 

                           

”Айылым менин... Жапайы жаратылыш...”, “Жаштык жаңырыгы”

 

Ыр, 1965-жыл;

 

Алма гүлү эки ирет соолубайт: ыр\кыргызчадан  которгон С.Токомбаева..- Фрунзе: Адабият, 1989. – 62 бет.

 

 

Ыр жыйнактары:

 

            • “Кичинекей досторго”

 

            • “Чолпон”

 

            • “Быйыл жаздын гүлдөрү көп”

 

            • “Аскар”

 

 

            • “Ата журт”

 

            • “Сен билесиң мекеним”

 

 

            • “Тандалмалар”

 

            • “Гүлдөр суу сурайт”

 

 

            • “Ата журт дайым көңүлдө”

 

            • “Үшүк”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6

Сыйлыктары:

 

М.Абылкасымовага кыргыз адабиятын  өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 1980-жылы «Кыргыз Эл акыны» ардактуу наамы  ыйгарылган. 1968-жылы «Сен билесиң менин  мекеним» чыгармасы үчүн Бүткүл Союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон (Бул наамга Кыргызстандан болгону эки гана акын М.Абылкасымова, С.Суслова арзыган). Ал 1984-жылы «Гүлдөр суу сурайт» поэтикалык жыйнагы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. 1970-жылы «Эмгектеги каармандыгы үчүн» жана 1972-жылы «Тынчтыкты коргоо» медалдары, 2005-жылы III-даражадагы «Манас» ордени, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Ардак» медалы, 2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ВОИС) Алтын медалы менен, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 85-жылдыгынын медалы менен сыйланган.

Ушул тапта да ал чыгармачылыгын үзүрлүү улантууда. Кыргыз Улуттук  жазуучулар Союзунун президиумунун  жана республикалык аялдар комитетинин мүчөсү катары коомдук иштерге активдүү катышууда.

Кыргыз улуттук адабиятынын  жана маданиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, республиканын коомчулугунун, маданий-илимий ишмерлердин кайрылуусун  эске алып, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз эл акыны, III-даражадагы «Манас» орденинин ээси, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.

 

 

 

  • Лениндик комсомол сыйлыгы  (1970)
  • “Ардак Белгиси” ордени
  • “Манас” ордени II даражадагы (2005)
  • Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
  • 1972-жылы «Тынчтыкты коргоо» медалдары
  • «Манас» ордени (2006)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7

Бишкек, 2012-жылдын 1-июну.

 

Республикада акын Майрамкан Абылкасымованын  мааракесине арналган поэзия декадасы жарыяланган. Бул тууралуу акындын 75 жылдык мааракесине арналган конференцияда маданият министри Ибрагим Жунусов билдирди. Иш чара Абылкасымова өзү билим алган Арабаев атындагы университет тарабынан уюштурулган. Анын чыгармалары акыйкаттыкты, Мекенге, өз элине, жерине болгон сүйүүнү, согуш жана тынчтык тууралуу ойлорду камтыйт. “Улуттук поэзиянын тереңинде туруп, ал салттуу поэтикалык форманын алкагынан да чыга алат. Абылкасымова өзү жашаган мезгил, өзүнүн курбалдаштары жана өзү жөнүндө айтат” – деп жазат Чынгыз Айтматов. Акындын “Ак издер”, Ишенимди жүрөктө сактайм”, “Ата журт” жана башка ыр жыйнактары басылып чыккан. Анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган.

 

“Биз согушту анын кесепеттерин көрдүк, ошондуктан бала кезде жер  жүзүндө тынчтык тууралуу кыялданчубуз. Бүгүн баалуулуктар өзгөрдү, элдин кызыгуулары такыр башка, алар бири-бири менен чатакташат. Бул жакшы эмес. Мындан  сырткары, аялдардын сырткы кебетеси жана абалы боюнча жалпы коом тууралуу айтса болот. Бүгүнкү күнү аялдар, энелер чемичке сатып базарда отурушат, тескерисинче алар балдарды тарбиялап, үй-бүлөнүн очогун сактап үйдө олтурушу керек эле”,- дейт акын, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова.

 

“Улуу муундагылар сиздин ырларыңызды  жакшы билишет. Эсимде, студенттик жылдары сүйүшкөн студенттер кыздарга кат жазышып, катка сиздин ыр саптарыңыздан кошушчу”- деп эскерет Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Информация о работе Кыргыз адабият. Проектинин тиби маалымат беруу