Автор работы: Пользователь скрыл имя, 28 Мая 2013 в 13:27, биография
Биринчи ыры менен эле коомчулукка белгилүү болгон Ж. Турусбеков кыргыз адабиятында жаңычыл акын катары таанылды. Калемдештеринен айырмаланып, ал жаңы формада жазды. Бул жөнүндө: "Жусуптун чыгармачылык жолунун өзүнчөлүгү бар, бөтөнчөрөөк десек болот. Анткени анын алгачкы ырларында, кай бир башка жазуучуларга мүнөздүү болгон фольклордун күчтүү таасири байкалбайт. Анын тунгуч ырларынын... идеялык тактыгы менен чулулугун айтпасак деле түшүнүктүү, ыр техникасынын өзү эле акындын адабий маданиятынын жогорулугун көрсөтөт... Жусуптун чыгармалары доор менен үндөшкөн, жалындуу жана эпкиндүү, коомдун маданий прогрессине, эмгегине дем бере турган жаңы турмуштун күүсү болуп эсептелет", - деп жазат А. Токомбаев.
Жусуп Турусбеков
(1910 - 1943)
Биринчи ыры менен эле коомчулукка белгилүү
болгон Ж. Турусбеков кыргыз адабиятында
жаңычыл акын катары таанылды. Калемдештеринен
айырмаланып, ал жаңы формада жазды. Бул
жөнүндө: "Жусуптун чыгармачылык жолунун
өзүнчөлүгү бар, бөтөнчөрөөк десек болот.
Анткени анын алгачкы ырларында, кай бир
башка жазуучуларга мүнөздүү болгон фольклордун
күчтүү таасири байкалбайт. Анын тунгуч
ырларынын... идеялык тактыгы менен чулулугун
айтпасак деле түшүнүктүү, ыр техникасынын
өзү эле акындын адабий маданиятынын жогорулугун
көрсөтөт... Жусуптун чыгармалары доор
менен үндөшкөн, жалындуу жана эпкиндүү,
коомдун маданий прогрессине, эмгегине
дем бере турган жаңы турмуштун күүсү
болуп эсептелет", - деп жазат А. Токомбаев.
Ошентип Жусуп Турусбеков адегенде эле
мезгил талабына үндөшкөн мазмунга, көтөрүңкү
пафоско шайкеш келген жаңы форманы таба
билген жаңычыл акын катары көркөм дүйнөнүн
эшигин ачты.
...Кордукка чыдабаган эл кытай жерине
качканда, Жусуп бар болгону алты гана
жашта эле. Мына ушул алты жашар бала бүт
эл менен бирге бардык азап-тозокторду
башынан өткөрдү. Үрккөн эл туулуп-өскөн
жерине кайтканда, анын үй-бүлөсү да өз
жерине келип, 1918-жылдары Караколго байырлашат.
Көп узабай эле эне-атасы, карындашы өлүп,
бир үйдө тогуз жашар Жусуп жалгыз калат.
Көрүнгөндүн эшигинде жүрүп, эптеп жан
баккан оор күндөр башталат. Ошол көрүнгөндүн
колунда жүргөн азаптуу балалыгы жөнүндө
ал кийинчерээк: "Таңдан кечке көргөн
күнүм: куурай алам, тезек терем, музоо
кайтарам. Кокус музоо ээмп кетсе, менин
шорум... кызылдай союп урат... Отун жагып
отуруп, өчүрүп койсом кычкач менен бир
коёт. Бир кыш этиме жалаң тон кийип, жылаңаяк
суу ташып жүрдүм", - деп эскерет. Акыры
1921-жылы Караколдогу жетимдер үйүнө кабыл
алынат, 1924-жылы Түптөгү айыл чарба техникумуна
которулат.
Ж. Турусбековдун адабий шыгынын ойгонушу
дал ушул техникумда окуп жүргөн учурга
туура келет. Ал казак, татар тилдеринде
чыккан адабий китептерди көп окуйт, өзүнүн
бирин-экин ырлары техникумдун дубал газетасына
да чыгат. 1928-жылы Фрунзе шаарына келип,
"Эркин-Тоо" газетасынын редакциясына
орношот. Чыгармачылыгынын башталышында
эле өзүнө катуу талап коё билген жаш акын
көңүлүнө толбогон алгачкы ырларын газетага
жарыялаган да жок. Билимин көтөрбөй, поэзиянын
сыйкырдуу сырын билбей туруп, өмүрлүү,
мыкты чыгарма жаратуу мүмкүн эместигин
акын эң эле эрте түшүнгөн.
Жаңыдан түзүлгөн өкмөт көчмөндөргө билим
берүүнү негизги милдеттердин бири деп
эсептеди. Бул максатты ишке ашыруу үчүн
ал мезгилде кыргыз сыяктуу элдердин балдары
ири шаарлардагы окуу жайларына жиберилчү.
Жусуп да 1929-жылы кыргыз жаштары менен
Тверь шаарындагы советтик-партиялык
мектепке жөнөтүлөт. Тоо айлынан келген
жаш жигитке бул шаар, анын маданияты зор
таасир калтырат. Ал жерде орус тилин үйрөнүүгө,
орус адабияты менен таанышууга астейдил
киришет. Өзгөчө В. Маяковский, С. Есенин
менен Д. Бедный, А. Безымянский менен А.
Жаров өңдүү орус акындарынын чыгармаларына
кызыгып, алардын айрымдарын которуп да
көрөт. Акындын "Ук, жер жүзү", "Кызыл
жоолукчан", "Эсимде" сыяктуу саясий
жана граждандык лирикалары жарык көрөрү
менен эл арасына терең сиңип, композиторлор
аларга обон чыгарышып, бүгүнкү күнгө
чейин ооздон түшпөй ырдалып келе жатат.
Ал эми отузунчу жылдарда жазылган чыгармалардан
Ж. Турусбековдун "Энем" поэмасы бөтөнчө
айырмаланып турат. Бул лирикалык поэманын
мазмунун чыныгы турмуштук окуя түзөт.
Анда эне менен баланын турмушу реалдуу
көрсөтүлүп, алардын мүнөздөрү, жандуу
сүрөттөрү элестүү, ары таамай тартылат.
Ж. Турусбеков драматург жана прозаик
катары да белгилүү. "Ажал ордуна"
драмасы аны чебер драматург катары да
таанытты. Мындан башка "Беш-Мойноктогу
окуя" пьесасын, "Бир болгон иш",
"Таза жүрөктөр соккондо", "Айласыз
кезигишүү" деген аңгемелерди жаратты.
Ал - "Айчүрөк" операсынын либреттосун
жазышкандардын бири. 1916-жылкы элдин оор
тагдыры атактуу "Ажал ордуна" драмасында
бөтөнчө бир эргүү менен жазылган. Ал 1939-жылкы
Кыргыз искусствосунун Москвадагы декадасында
чоң ийгилик менен коюлган.
Согуш башталганда Ж. Турусбеков өз ыктыяры
менен майданга аттанды. 1943-жылы согуш
талаасында курман болуп, жеңишти көрбөй
калды.
* * *
Поэма 1933-жылы жазылган. Анын окуясы акындын
өз турмушу менен көп жагынан окшош. Жусуп
1928-жылы туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн жээгинен
илим, бакыт издеп жөнөйт. Ошондон тартып
бул поэманын жазылышына чейин беш-алты
жыл өтөт. Акын ушул убакыттын ичинде газетада
иштейт, Тверге барып, советтик-партиялык
мектептен окуйт. Анын түшүнүгү, дүйнөгө
көз карашы бүтүндөй жаңырат. Акындын
турмушунун өзгөрүшү, өзүнүн да тез аранын
ичинде мынчалык зор ийгиликтерге жетишкендиги
поэманын биринчи бөлүмүнөн көрүнөт.
"Энем" поэмасында ошол учурда өлкөбүздүн
айыл чарбасын колхоздоштуруу боюнча
жүрүп жаткан окуя орун алган. 1932 - 1933-жылдары
айыл чарбаны туташ коллективдештирүү,
анын негизинде кулактарды тап катары
жоюу саясаты ишке ашырылган. Буга байланыштуу
дыйкандардын таптык аң-сезими ойгонуп,
аларда жаңы түшүнүк, жаңы коомдук мамиле
пайда болот. Ж. Турусбековдун "Энем"
поэмасында мына ушул элдин салт-санаасында
болуп жаткан өтө терең идеялык, психологиялык
өзгөрүүлөр, жаңы коомдук мамилелери көрсөтүлгөн.
Өнүгүүнүн жаңы жолуна түшкөн эл да, жер
да бүт өзгөрүлүп жатса, жалгыз гана карт
эненин түшүнүгү өзгөрүлбөйт. Анын чексиз
боорукер жүрөгү беш жыл кеткен уулун
эстеп кейийт. Ал гана эмес, мурдагы өзүн
эзген зулум Орунбайды да аяйт. Бул караңгы
эненин адашкан боорукердиги эле. Поэмада
караңгы эненин адашканы, жаңылыш түшүнүгү
ынанымдуу түрдө терең ачылып көрсөтүлгөн.
Каракчынын трагедиясы
Буулугуп, жээкке урунуп, кемер кылып,
Жаш төгүп, соолуккандай кээде тынып,
Томсоруп колго түшкөн айыпкердей,
Рейн агып калат кээде жылып.
Кимдерден, эмнеликтен улуу өзөндүн,
Кандайча калды экен шагы сынып?
Миңи ыйлап, буга маашыр бири күлөт,
Миңдердин өңү азып, тирүү сүрөт…
Бул күндө рейндик катын, балдар
Кельнанын көчөсүндө тентип жүрөт.
Алардын арасынан бир кайраттуу,
Берлинге кабак бүркөп, муштум түйөт.
* * *
"Каракчынын трагедиясы" - Жусуп Турусбековдун
согуш темасына арналган бирден-бир негизги
чыгармасы. Поэманын аты анын затына жана
мазмунуна толук жооп бере алат, анткени
анда каракчы Гитлер, анын жан-жөкөрлөрү,
алардын каракчылык иштери жөнүндө кадыресе
көркөм жалпылоо да, учкул толгонуулар
да бар. Поэмада акын жакыр, самсыган элдин
аянычтуу абалын улам тереңдетип жүрүп
олтурат. Элдин кайгылуу трагедиясынын
улам бир тарабы ачылып, жүрөктү мыжыйт.
Бирок фашизм таңуулаган кайгы менен азап
элди биротоло мүңкүрөтө алган жок. Эл
Гитлерге нааразылыгын билдирип, "муштумун
түйөт". Буга карапайым немец өкүлдөрү Макс менен Фриданын ө
Макс менен Ганс талоончул согуштун азабын
бирге тартты. Фриданын күйөөсү Ганс кыргын
согуштан ошол бойдон кайтпай калды. Макс
болсо мунжу болуп, катардан чыгып, эч
кимге керексиз, жарым жан адамга айланды.
Ошондо ал Гитлердин ким экендигин билип:
"Үч жылы удаа жүрдүм салгылашып,
Ойнодум, суу ордуна кандар чачып,
Гитлерге кокус бирөө сөз тийгизсе,
Койчу элем ит аткандай ордунда атып",
-
деп ойго чөмүлөт. Мурда мындай суроону
Макс алдына коё алмак да эмес. Согушта
көрсөткөн нааданчылыгы менен мыкаачылыгына
кайра мактанчу. Каракчылык, айбанчылык,
акмакчылык иштерин эрдик деп эсептөөчү.
Эми эки бутунан, бала-чакасынан ажырап,
кожоюндарына керексиз болуп калгандан
кийин гана баарын түшүнүп олтурат. Макстын
андан аркы сөздөрүндө гитлердик фашизмге
кыжырлануу да, немец элинин көргөн азабына
жаны ачуу да, биздин элдин ченемсиз эрдигине
эрксиз тизе бүгүп, таазим кылуу да ачык
байкалат. Туткунга түшкөн биздин жоокерлердин
тайманбас сөздөрү, кайраты, эч кандай
кыйноо алардын эркин майтара албаганы,
Макска баатырдык менен эрдиктин, эли-жерин
чексиз сүйүүнүн чыныгы үлгүсүн көрсөтүп,
мындай элди кул кылууга болбой тургандыгын
далилдеди. Ошондуктан ал:
"Кечикпей, Германия, кезиң келди,
Сындырды Россия биздин белди.
Бир атсаң үстү-үстүнө жооп берген,
Көрбөдүм орустардай өжөр элди", -
деп чындыкты моюнга алууга аргасыз болот.
Ж. Турусбеков Макстын ички дүйнөсүнүн
күрөшүн, чындыкты түшүнүүдөгү татаал
жолун ишенимдүү ачып берүүгө аракеттенген.
Эки буттан ажырагандан кийин, керексиз
болуп калгандыгы жөнүндөгү Макстын кайгылуу
монологу фашизмдин чыныгы жүзүн ачып,
айыбын ашкерелейт. Турмуштун татаал жолу
Макска окшогондорго ак-караны таанытып,
акырында "Берлинге кабак бүркөп карап",
андагы бийликте отургандарга "муштум
көрсөтүүгө" чейин алып келди. Ал буйрукту
кың дебей аткарган желдеттен немец элин
фашизмге каршы үндөгөн аң-сезимдүү адамга
чейин өсүп жетти.
Поэма кайгылуу аяктайт. Фриданын атадан
калган жалгыз туягы ачкалыктан көз жумат.
Баарынан ажыраган Фриданын башына түн
түшөт. Чындыгында бул бүткүл немец калкынын
башына түшкөн оор трагедия эле. Бирок
Фриданын жакшылыктан үмүтү чоң. Ал немец
элин көтөрүлүүгө үндөп, "каракчы башкарса,
иш ушундай болот" деп, фашизмге каршы
күрөшүүгө чакырат. Мындагы каракчы деген
сөздө гитлердик фашизмдин бүт кыял-жоругу,
элге таңуулаган кайгы-азабы камтылган.
Жыйынтыктап айтканда, акын Фрида менен
Макстын татаал тагдыры аркылуу бүткүл
адамзатка фашизм кандай азап-тозокторду
алып келгенин, ал канчалык чыныгы жүзүн
жашырса да, акыры эл алдында айыбы ачылаарын
жана элдин жеңилбес улуу күчүн даана
көрсөткөн. Поэма бүгүн да өз маанисин
жогото элек, ал адамдарды фашизмди, талоончулукту
жек көрүүгө, эл-жерди сүйүүгө үндөп турат.
Адабият
теориясынан: Поэма жөнүндө түшүнүк
"Поэма" деген термин гректин "иштейм,
жаратам" деген сөзүнөн алынып, лиро-эпикалык
жанрга кирет. Адабияттык агымдардын тарыхый
өнүгүшүнө байланыштуу поэма деген түшүнүк
да улам-улам формасы жагынан да, жанрдык
түрү боюнча да өзгөрүп келген. Мурда жазма
түрүндөгү ыр менен жазылган чыгармалардын
баарын эле поэма деп атай башташкан. Бул
жанрга негиз салуучулардын бири - англиялык
көрүнүктүү акын Байрон. Ал өз поэмаларында
каармандардын жекече турмушундагы капысынан
болгон айрым окуяларды сүрөттөйт. Ошону
менен бирге ага карата өзүнүн жан тартуусун,
күйүп-бышуусун, көңүл жайын да билдирген.
А. С. Пушкиндин "Кавказ туткуну",
"Цыгандар" сыяктуу көркөм дөөлөттөрү
дал ушундай поэмаларга кошулат. Орус
элинин көрүнүктүү акыны Некрасовдун
чыгармачылыгында поэма чыныгы реалисттик
мүнөзгө ээ боло баштайт. Ал өз каармандарынын
жекече турмушун гана көрсөтпөстөн, көбүнчө
алардын коомдук абалын сүрөттөгөн.
Бүгүнкү күндө ыр менен жазылган көлөмдүү
чыгармаларды поэма дейбиз. Ал сюжеттүү
да, сюжетсиз да боло берет. Көпчүлүк поэмалар
сюжеттүү келет жана алардын камтыган
окуялары да ар кандай. Мисалы, Ж. Турусбековдун
"Каракчынын трагедиясы" жөнөкөй,
ал эми А. Токомбаевдин "Өз көзүм менен"
поэмасы татаал сюжетти камтыган. Айрым
поэмаларда сюжет болбойт. Анда акындын
- лирикалык каармандын тигил же бул окуяга
карата ой-пикири айтылат. Ж. Турусбековдун
"Энем" поэмасында белгилүү сюжет
жок. Бул поэмада лирикалык каарман өзүнүн,
энесинин башынан өткөргөн окуяларын
көрсөтүү менен, ага карата жекече ой-пикирин
билдирет. Мындай мүнөздөгү поэмада баяндоочу
адам ар кандай окуялардын, турмуштук
кырдаалдардын баяндалышында, чыгарманын
негизги идеялык мазмунун ачууда активдүү
роль ойнойт. Акын каармандардын тагдырына
карата өзүнүн кубанган, кейиген сезимин
да көрсөтөт. Ошентип адабияттын бул жанрында
окуя бирде каармандардын ортосунда өнүксө,
бирде ал окуяларды лирикалык каарман
өзү баяндайт.