Ормон Хан (1791-1854)

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 21 Марта 2013 в 12:21, реферат

Краткое описание

ОРМОН ХАН,Ормон Ниязбек уулу(1791,Жылгынбашы,азыркы Токмок ш.-1854) – 19-кылымдын ортосунда Түндүк Кыргызстандын бириктирүүгө – өз алдынча хандык түзүүгө аракеттенген сарыбагыш уруусуунун чоң манабы.Атасы чоң манап Ниязбек болгон,чоң атасы Эсенгул калмактар менен кармаштарда далай эрдик көрсөтүп, чоң Эсенгул аталган. Ал кезде калмак кыргынынан, Абылай хандын чапкынынан соң жаңыдан оңоло баштаган кыргыз жерине Кытай богдыханы, Кокон ханы көз тартып, баскынчыл аракеттерди жасап турган. Бөтөнө өзүмчүл уруу башчыларынын эрегишүүлөрү,тирешүүлөрү калктын кендирин кескен.Элдин тарткан азап-тозогу,сырткы жоолордун жортуулдары аны эгемендүү мамлекет түзүүгө аракеттенүүгө түрткөн.

Прикрепленные файлы: 1 файл

Презентация Microsoft PowerPoint.pptx

— 345.61 Кб (Скачать документ)

Ормон хан

(1791-1854)

    • ОРМОН ХАН,Ормон Ниязбек уулу(1791,Жылгынбашы,азыркы Токмок ш.-1854) – 19-кылымдын ортосунда Түндүк Кыргызстандын бириктирүүгө – өз алдынча хандык түзүүгө аракеттенген сарыбагыш уруусуунун чоң манабы.Атасы  чоң манап Ниязбек болгон,чоң атасы Эсенгул калмактар менен кармаштарда далай эрдик көрсөтүп,  чоң Эсенгул аталган.  Ал кезде калмак кыргынынан, Абылай хандын чапкынынан соң жаңыдан оңоло баштаган кыргыз жерине Кытай богдыханы, Кокон ханы көз тартып, баскынчыл аракеттерди жасап турган. Бөтөнө өзүмчүл уруу башчыларынын эрегишүүлөрү,тирешүүлөрү калктын кендирин кескен.Элдин тарткан азап-тозогу,сырткы жоолордун жортуулдары аны эгемендүү мамлекет түзүүгө аракеттенүүгө түрткөн. Ормон он жети жашынан жоого каршы 175 жортуулдарга катышып,нечен ирет жекеге чыгып,эрдиктин үлгүсүн көрсөткөн. Отуз жашынан эл башкара баштаган.Башкарууга табигый шык-жөндөмү, акылмандыгы, көсөмдүгү үчүн кадыр-баркы артып, эл Ниязбектен кийин О-дун бийлигине моюн сунган. Акырындап анын атак-даңкы артып, кыргыз урууларынын, атүгүл канатташ казактардын арасында дагы таасири күчөйт. Анжиян, Алай,Ферганадагы, аркалык кыргыз урууларынын билермандары О. х. менен   Боромбай кудасы болгон. Жаңгарач,Ажыбек баатыр, Медет датка, Ажыбек датка жана башкалар инсандар менен жакшы мамиледе болууга умтулган. Кокон ханы ага кысым көрсөтүүгө дааган эмес, О. х-га баалуу белек тартуулап, парваначы наамын ыйгарган. 19-кылымдын 40-жылдарынын башында О. х. кыргыз урууларынын бирикмесин түзүүгө жетишип, саяктар менен бугулардын бир бөлүгүн өз бийлигине имере алган.Бул уруулардын чоң манаптары ага жарым- жартылай баш ийип беришкен эле. О. х.сарыбагыш, саяк, бугулардан тышкары солто, черик, чоңбагыш, кушчу, саруу жана башкалар түндүк кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган.  Көздөгөн максатына жетиш үчүн ал 40-жылдардын баш ченинде (Белек Солтоноевдин жазганы боюнча 1830–31-жылы Ортотокойдо хан көтөрүлгөн) Балыкчыга (айрым маалыматтар боюнча Ортотокойго) атайын жыйын чакырган.  Жыйынга келгендер: бугудан Боромбай, Балбай баатыр, Өмүр баатыр, Муратаалы; сарыбагыштан Жантай, Төрөгелди, Адыл, Түлөберди, Калпак баатырлар; солтодон Жаңгарач, Тынааалы, Төкөлдөш, Жетикашка, Чыңгыш, Күрпүк; саяктан Алыбек, Черикчи, Качыке; саруудан Ажыбек датка; чериктен Ажыбек баатыр; азык, кушчу жана башкалар уруулардын бийлери.Кокон ханынын элчилери да келишкен.  Көчмөндөрдүн эзелки каада-салты боюнча 9 ак боз бээ союлуп, ак ки-йиз жайылып, О.хан көтөрүлгөн
    • Ормон хан хан болгондо хан бийлигинин белгиси катары ага кызыл (төбөсү кымбат баалуу кездеме менен тышталган суусар) тебетей кийгизишкен. Өзүнүн хандык туусу болгон.  Хандык бийликти биринчи кезекте ал тартипти чыңдоодон баштаган.  Хандын алгачкы жарлыгы мал уурдоого каршы багытталып, атты кишендөөгө, чидерлөөгө тыюу салган.  Ал эми ууру маселесине келсек.Ууру мал башына бир тогуз айып төлөмөк.  Кудалашкан кайын журту бар кызды  ала  качканга 40 жылкы айып, эркектин куну үчүн 300 жылкы, аялдын куну үчүн 150 жылкы белгиленген.  Жарлыктын кайра жангыстыгынын жана бузулбастыгынын белгиси катары чырпык кыркылып, шерт кылынган.  О. х. элин, өлкөнү ар уруунун чоң манабына таянып башкарган.  Солто ичинде Жаңгарач, Саякта Дуулат, Таласта Ажыбек датка, бугуларда Боромбай анын атынан бийлик жүргүзүшмөк.  Жоо бетинде болуучу черүү башчылыкка Төрө-гелди баатыр, айыл аскер башчылыгына Алыбек баатыр дайындалган. Устаканаларда  усталар  кылыч согуп, найза жасап, жоокерлерди курал-жарак менен жабдып турушкан.   Жортуулда О. х-ды коштоп жүрчү кернейчи, сурнайчылары болгон. Айтылуу манасчы Сагымба йдын атасы Орозбак хандын сурнайчысы эле.A мамлекет маанилүү маселелерди О. х. кеңешчилери Жантай, Сергеян, Жаманжээн, Шамен жана башкалар менен талкуулаган.   Калыгул олуя хандын кадырлаган акылгөй кеңешчиси эле. Хандын кеңешчилери Медербек  менен Меңназар бийдин милдетин да аткарышкан.  О. х-дын жан жигити Саза эле.   Хан  ордосун Дада менен Бердибек баш болгон 40 мергенчи жигит кайтарчу.   О.х. Кокон хандыгы, казак султандары, Кашкар, орус генералдары менен дипломатиялык байланыштарды ишке ашырып турган.  Мындай милдетти Байсерке менен Саза аткарган.  Чет өлкөдөн келген соодагерлер адегенде О. х-га келип, мүлкүнүн баасын бычтырып, туяк пул салык (бажы) төлөгөндөн кийин гана айыл аралап соода кылышчу.  Хандын алтын, күмүшү, сансыз көп мүлкү, 4–5 миң кою, 2 миң жылкысы болгон.  Келген  соодагерлерден, элден салык алып турган.  1847-жылы Кенесары менен кармашта жетишкен жеңишти О. х. өз бийлигин чыңдоо үчүн пайдаланган.  О. х. согуш өнөрүн мыкты билгендиги Кенесары менен согушта колдонгон түрдүү согуштук айла- амалдарынан көрүнгөн.  Алар эл ичинде «Ормон опуза» деп аталып калган (к. Кенесарынын чапкыны).   О. х-дын  мыйзамдарынын жыйындысы  «Ормон    окуу» деген ат менен белгилүү.  Ал  айрым  жылдарда Кокон чептерине, сарбаздарына кол салып турган. 1842-, 1848-, 1851-жылы Ысыккөлдөгү, Чүйдөгү Кокон сарбаздарына оор сокку урган.   Тилекке каршы О. х. канчалык жан үрөп аракет кылганы менен кыргыз урууларын саясий жактан толук бириктире алган эмес. Ал кезде өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүү үчүн

 

    •                           Мамлекеттик башкаруу.
    • Мамлекет маанилүү маселелерди О.х. кеңешчилериЖантай,Сергеян,Жаманжээн,Шамен ж.б. менен талкуулаган.Калыгул олуя хандын кадырлаган акылгөй кеңешчиси эле.Хандын кеңешчилери Медербек менен Меңназар бийдин милдетин да аткарышкан.Хан ордосун Дада менен Бердибек баш болгон 40 мергенчи жигит кайтарчу.О.х. Кокон хандыгы, казак султандары, Кашкар, орус генералдары менен дипломатиялык байланыштарды ишке ашырып турган.  Мындай милдетти Байсерке менен Саза аткарган.Чет өлкөдөн келген соодагерлер адегенде О. х-га келип, мүлкүнүн баасын бычтырып, туяк пул салык (бажы) төлөгөндөн кийин гана айыл аралап соода кылышчу.  Хандын алтын, күмүшү, сансыз көп мүлкү, 4–5 миң кою, 2 миң жылкысы болгон.  Келген соодагерлерден, элден салык алып турган.  1847-жылы Кенесары менен кармашта жетишкен жеңишти О. х. өз бийлигин чыңдоо үчүн пайдаланган.  О. х. согуш өнөрүн мыкты билгендиги Кенесары менен согушта колдонгон түрдүү согуштук айла- амалдарынан көрүнгөн.  Алар эл ичинде «Ормон опуза» деп аталып калган (к. Кенесарынын чапкыны).   О. х-дын мыйзамдарынын жыйындысы «Ормон окуу» деген ат менен белгилүү.   Ал айрым жылдарда Кокон чептерине, сарбаздарына кол салып турган.  1842-, 1848-, 1851-жылы Ысыккөлдөгү, Чүйдөгү Кокон сарбаздарына оор сокку урган.  Тилекке каршы О. х. канчалык жан үрөп аракет кылганы менен кыргыз урууларын саясий жактан толук бириктире алган эмес.  Ал кезде өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүү үчүн өтө зарыл ички жана тышкы саясий шарттар жок эле.  Ич ара феодалдык жаңжалдар, Кокон хандыгынын урууларды кайраштырган кыя-наттыгы кыргыз элинин кендирин кесип турган.  Кытай богдыханы менен орус падышасы деле кыргыздардын күч алышын, бирдиктүү мамлекетке биригишин каалабаган.  Алар Кыргызстанды каратып алууну, кыргыз элинин үстүнөн өз үстөмдүгүн орнотууну самашкан.  Буга казак султандарынын жоолашуусу кошул-ташыл болуп, кыргыз элин кыйла кыйынчылыктарга дуушар кылган.  50-жылдарда бугу менен сарыбагыш уруу-ларынын ортосунда жаңжал башталып, ал Түндүк Кыргызстан Россиянын карамагына толук киргизилгенге чейин (1868) басылган эмес.  Ошол чабыштардын биринде О. х. колго түшүп, колтукка найза жеп, оор жарааттан өлгөн.  Ормондун кунун кууган сарыбагыштар кайра-кайра жортуул уюштуруп, бугулардын тынчын алган.Боромбай баш болгон бугунун бир топ айылы Каркыра менен Текеске чейин чегинген. Боромбай калканч издеп кытай төрөлөрүнө, орус бийликтерине кайрылууга аргасыз болгон. Бугу уруусу Россиянын букаралыгына толук өткөндөн кийин гана орустардын кийлигишүүсү менен жаңжал басаңдай баштаган.Орус окумуштуусу А.Бернштам О.х.ды орус падышасы Иван Грозный менен салыштырып , “Ормон-малый Грозный” деп айткан.

Информация о работе Ормон Хан (1791-1854)