Автор работы: Пользователь скрыл имя, 08 Сентября 2012 в 06:26, реферат
Алайлык кыргыздарды Орусияга каратууну баштоо. Курманжан датка. Кокон хандыгы жоюлган кезде Туштук Кыргызстандын тоолуу аймактары, Алай ж.б. айрым ороондор али мамлекетине каратыла элек болучу. Алайда кыргыздын мунгуш, адыгине, ичкилик уруулары жашачу. Алардын жалпы саны 15-17мин тутунго же 75мин кишиге жакын эле.
Курманжан датка
Алайлык кыргыздарды Орусияга каратууну баштоо. Курманжан датка. Кокон хандыгы жоюлган кезде Туштук Кыргызстандын тоолуу аймактары, Алай ж.б. айрым ороондор али мамлекетине каратыла элек болучу. Алайда кыргыздын мунгуш, адыгине, ичкилик уруулары жашачу. Алардын жалпы саны 15-17мин тутунго же 75мин кишиге жакын эле. Алайлык кыргыздар буга чейин Кокон ханын анчейин тоотпой, хан бийлигине жарым жартылай гана баш ийип келишкен.
Кокон хандыгы Орусияга биротоло каратылгандан кийин алайлык кыргыздар орус бийлигине баш ийгиси келбей, оз алдынчалыгын сактап калууга аракеттенишет.
Ошондуктан алар Алайга жоортул уюштурган падыша аскерлерине чечкиндуу каршылык корсотушту. Бул кезде Алай ороонун атактуу Алымбек датканын жесири Курманжан Датка (1811-1907) бийлеп турган. Ал эми Алымбек датка 1862-ж. Кокондо хан ордосунда кезектеги козголон учурунда киши колдуу болгону бизге белгилуу. Бир сапар (1863-ж.) Кудаяр ханга колдоо корсотуу учун Ошко чейин келген Бухара эмири Саид Музафар-Эддин Курманжандын акылына муюп, даанышмандыгына, косомдугуно козу жетип, ага датка наамын ыйгарган.
Курманжан датка Ошко жакын Орке кыштагында 1811-жылы мунгуш уруусунан жапалак уругунан чыккан Маматбай деген орто чарбалуу кишинин уй-булосундо торолгон. 1829-жылы аны 18 жаш курагында кудалашкан жерине куйоого беришет. Куйоосу 20 жаштагы Кулсеит коншу жоош уругунун бийи Торокулдун уулу болчу. Бирок, болгону эки жаш улуу куйоо жигит жаштык кылып, бошон болгондуктан Курманжандын конулуно толгон эмес.
Себеби ал табиятынан озуно да, озгого да талапты катуу койгон чыйрак кыздын жан дуйносун, ички аялуу сезимин ойгото албады. Уч жылдан кийин ал биринчи куйоосу менен ажырашат да, 1832-жылы Алайлык кыргыздардын билерманы Алымбек даткага куйоого чыгат. Дал ошол жылы Анжияндын акими мансабы ыйгарылган Алымбек датка салтка ылайык шартын тууралап, Кусеиттен Курманжандын башын ачып алган. Ошондон тартып Курманжан ар дайым Алымбек датканын козу откончо эн жакын кенешчиси, акылга бай ишенимдуу зайыбы болду.
Кезинде Курманжандын косомдугу сактыгы аркасында Алымбек датка бир нече жолу кокондук кыянат торолор уюштурган козголондордон кутулуп кетип ажалдан аман калган.Кийинчерээк Кудаяр хан экинчи ирет хандык бийликке(1865-ж)келгенде Курманжан Коконго –ордо калаага келет,ошондо Кудаяр хан аны сылык сыпаа кабыл алып, Алайдагы бийлигин,мурда Бухара эмири ыйгарган датка наамын бекемдеген.Ал эми уулу Абдылдабек Оштун акимдигине дайындалган.Бухара эмири менен Кокон ханы сыяктуу эле Кашкардын ханы Йакуб бек дагы Курманжанга урмат корсотуп,жыл сайын элчилерин коптогон белектер менен жонотуп турган.
Курманжан датканы оз эли да абдан сыйлачу.Анын эл арасындагы кадыр баркы ото жогору эле.Ал ар дайым,адилеттуулук,чындык учун курошкон,элинин бейкуттугу ынтымагы учун жанын уроп кызмат кылган.Курманжан датка акылман,копту билген корокоч саясатчы,коншу олколор менен алакамамилени туура нукка сала билген,элчиликтин сырын мыкты оздоштургон косом жолбашчы болгон.
Коз каранды эместик учун курош.Абдылдабек.Оморбек.
Кокон хандыгы Орусияга каратылгандан кийин алайлык кыргыздардын падыша аскерлерине каршы коз каранды эместик учун курошуно датка айымдын Абдылдабек,Оморбек баш болгон балдары жетекчилик кылды .
Адегенде алайлык кыргыздар орус оторчуларынын окчун туруп,алардан алыс болуу максатында тоо таяна журт которушат.Оз эл-журту менен бирге Курманжан датка дагы Кашкарга чектеш Кок СУУ ороонуно кочкон эле. Бирок жаны журт жайлуу болбой,кайра Алайга кайтууга туура келд. Анткени кашкарлык торолор датка айымдын жана анын ээрчите келген элинин торт тулук кутурогон коп малын талап ала баштаган болучу.
Туркстандагы орус бийлиги алайлы кыргыздарга ачык эле кысым корсотуп, тез арада баш ийип берууну талап кылган. Алардын мындай зорлугу кызгыздарды ого бетер чыйралтып, чет жерлик баскынчыларга каршы чечкиндуу курошко турткон. Алсак, 1867-ж. мартта Туркстан генерал- губернатору Алайга жаны ээликтерди каратуу, элдик кыймылдарды аеосуз жазалоо боюнча бай тажрыйбасы бар генерал-майор М.Д.Скобелевди жоноткон. Орус оторчулары кыргыздардан уч кундук моонотто баш ийип берууну жана ар бир тутунго салык толой баштоону талап кылат. Эгерде кыргыздар талапка конбосо аларды куч менен мажбурлоо жонундо М.Д.Скобелевге корсотмо берилген болчу. Мындай коркутуп-уркутуулорго карабастан кыргыздар оз ыктыяры менен багынып берген жок. Элет эли ата-конуш ыйык жерди падыша аскерлеринин кол салууларынан жан аябай коргоону артык корду.
Генерал М.Д.Скобелев баштаган падыша аскерлери 21-мартта Ошко келет. Коп отпой орус аскерлери менен алайлык кыргыздардын ортосунда айыгышкан кармаштар башталат. 24-апрелде М.Д.Скобелев 390аскери менен Гулчодон чыгып ,Абдылдабек жолбашчылык кылган кыргыздардын турагы болгон жанырык капчыгайы, Терек Даван ашуусун коздой жонойт. Жанырык капчыгайынын кууш торундо Абдылдабектин колу буктурмада турган эле. Тар капчыгайда эки тарап 3саатка жакын эрегише тирешип турду. Салгылашууга катышкан 1500 кыргыз жигиттеринин 150дойу окко учту. Эртеси М.Д.Скобелев коп куч жумшап жана айланып отчу жол аркылуу кутуусуздон чабыш коюп капчыгайды ээлейт да, кыргыздарды Сопу-Коргонго чейин сурот. Салгылашуудан кийин М.Д.Скобелев Гулчого кайтат. Ал эми Абдылдабек калган жигиттери менен Кызыл-Арт ашуусу тарапка чегинип, андан ары Памир тоолоруна отуп кеткен.
Падыша аскерлеринин Алай журушу. Алайлык кыргыздарды Орусияга биротоло карату учун Туркстан генерал-губернатору К.П. фон Кауфман июль айынын орто ченинде алыскы жайлоолордогу кыргыз конуштары «Алай» аскердик журушун уюштурду. Булл журуш жазалоочу жана аймакты илимий-изилдоо мунозундогу журуш катары белгилуу. Журушко М.Д.Скобелев жетекчилик кылган.
Журуш башталганда (15-июль) падыша аскерлери Алайга 3 тараптан: Ош, Уч-Коргон жана Гулчодон жоношкон. Ошол кезде Абдылдабектин 2мин кишиден куралган кошууну Оштон 40 чакырым аралыктагы Шаты колотунда буктурма уютуруп, падыша аскерлерин Алайга откорбоого аракет жасаган.
Кундон-кунго кыргыздардын кыймылы кучоп бара жатканын баамдаган М.Д.Скобелев тынчтык суйлошуулорду жургузуу максатында Шабдан Жантай уулу Абдылдабекке жиберет. Бирок элчинин кебине ал муюбады. Ошондо элдик баатырдын колун толук талкалоо учун полковник Вингенштейндин кошууну жаны жоортулга аттанган болчу. 29-июлда булл кошуун Кызыл-Арт ашуусуна жете келип, Абдылдабектин колуна чабуул коет да, анны чегинууго аргасыз кылат. 31-июлда алайлык кыргыздардын бир нече бийи М.Д.Скобелевге багынып берууго мажбур болду. Ожорлонуп каршылык корсоткондугу учун жазалоо иретинде ал алайлык кыргыздарга 1,5эсе арбын салык салып, жол курулушунда иштоого жумшады.
Витгенштейндин кошууну август айынын башында абдылдабектин артынан сая тушуп, Памирге кирип барат да, Караколдон кайра тартат. 28-августта «Алай» журушуно катышкан падыша аскерлери Кара-Казык ашуусу аркылуу Коконго кайтат. 8-сентябрда Сохко жакын тоодогу Айланма аттуу жерде Витгенштейндин кошууну менен Абдылдабектин колу акыркы жолу салгылашып даярдыгы шаймашай жоодон женилип калды. Ал инилери Мамытбек, Асанбек ж.б жанжоокорлору менен Кара-Колдон Чон-Суу капчыгайына отуп, андан Туюк-Суу капчыгайы аркылуу Кашкар, Шугнан тарапка чегинет. Кийин Афганстанга кетип изин жашырууга аргасыз болгон. Ошол эле жылы ал Мекеге зыяратка жоноп жолдо коз жумат. Анын соогун кийин Гулчого алып келип коюшкан.
Эл ичинде зор кадыр-баркы бар Курманжан датканы озуно тартып кыргыздарды тынчытуу учун М.Д.Скобелев Ош уездинин акими П.П.Ионовго датка айымды таап, суйлошуулорду жургузууну буйруган . П.П.Ионов датка айымды тууганы Исмадияр бийдин айылынан таап, М.Д.Скобелевге жонотот. Орус торосу менен козмо-коз суйлошууго датка айымды уулу Камчыбек, небереси Мырзапайасж ж.б. Жан жоокорлору коштоп келди. Курманжандын конулун алуу анын эллин колго алганга тете эле.
Буга козу жеткен Фергананын аскер губернатору даткайымды жылуу кабыл алып, сый-урмат корсотот. М.Д.Скобелев чыгыштын салтын сыйлаган кыязда Курманжан даткага оз колу менен алтын аяк тартуулап кымкап чапан жабат жана Алай ханышасы деп жарыялайт. Ошону менен бирге ал даткайымдан кыргыздарды орус бийлигине баш ийууго ынандырууну отунот. Эгерде уулдары курошту токтотуп, Алайга кайтышса, алардын керт башынын коопсуздугун камсыз кылууга, «куноосун» кечирууго орус генералы убада берген. Курманжан датка мындай сунушка аргасыз макул болгон. Анткени айыгышкан айкаштарда кыйла жоготууларга дуушар болуп алсыраган элет эли улам жаны кошуундар менен толукталып жаткан падыша аскерлеринин кысымына узукка туруштук бере алмак эмес.
Ошентип, кан тогулгон коптогон кармаштардан кийин алайлык кыргыздар да орус оторчуларына багынып беришти. 17380 тутун калкы бар Алай, Гулчо аймагында Кичи Алай, Гулчо ж.б болуштуктар уюшулуп, аларды Курманжандын Махмудбек, Асанбек, Баатырбек деген балдары бийлеп турушту. Датканын булардан болок Карабек, Камчыбек аттуу эр журок уулдары, Арстанбек, Мырзапаяс сыяктуу откур ,октом неберелери болгон. Алар кийинчерээк деле, ботончо 90-жж. орус бийлигине кату каршылык корсотуп турушкан.
Туштук Кыргызстанды Орусияга каратуунун жыйынтыктары. Алайды басып алуу менен Кыргызстанды Орусияга карату аяктайт. 1876-ж. Фергана облусуна караштуу Кокон, Маргалан, Анжиян, Наманган, Ош, Исфара жана Чуст уездери тузулот. Ал эми туштук кыргыздардын копчулугу караган Ош уездинде Гулчо, Кичи-Алай, Ак-Бууру, Ноокат, Озгон болуштуктары уюшулган.
Эми кыргыз эли Кокон хандыгы жоюлуп, анын устумдугунон кутулганы менен жаны баскынчылардын ченгелинде калды. Кыргыз жери Орусия империясынын колониясына айланды.
Орусияга каратылгандан кийин кыргыздар Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана облустарынын карамагында турду. Булл кыргыздын оз ара карым катнашын кыйындатып , биримдигинин чындалышына, улуттук ан-сезимдин калыптанышна кедерги болгон. Туркстанда, анын ичинде Кыргызстанда да бийлик толугу менен оторчулардын колунда топтолгон болчу. Падышалыктын кыргызстанды каратуудагы максатынын баскынчыл манызы озгочо анын оторчул жер саясатынан дана байкалды.
Кыргызстанда Орусия империясынын устомдугунун орношунун коптогон терс жактары менен бирге анын айрым он жактарын да айта журуу керек. Кыргыздардын Орусияга аратылышы кочмондордун конумуш коомдук-чарбалык турмушуну кыйла озгоруулорду алып келди. Алсак, ич ара чатактардын басандашы , ондургуч кучтордун тезирээк онугушу учун онтойлуу шарт тузулду. Кочмон жана жарым кочмон чарбалардын дыйканчылык кылып жан сактоо, отурукташуу процессии куч алды. Кол онорчулук онугуп, ботон жер, болок элдер менен сода-сатык кылуу кенейет. Ошондой эле эл ичинде социалдык жиктелуу андан ары терендеген . Манап, бийлер акырындап падышалык чиновниктер менен ымала кылып кээси колониялык бийликтин томонку баскычтагы кызматкерлерине айланды. Ал эми жалпы калайык калктын турмушу жылдан-дылга оорлоп, падышачылыктып колониялык саясатына нааразылык уламдан-улам кучой берди.
Курманжан датка Алай ханышасы. Алай ороону Орусияга карагандан кийин деле Курманжан датка элин бийлоону улай берди. Ага орус торолору Аоай ханышасы , кыргыздардын чыгаан ишмери, билерманы катары мамиле кылышкан. Айрыкча анны менен Оштун алгачкы оезу П.П.Иноновдунмамилеси ото жакшы болчу. 1892-ж. 81жаштагы курагында Алай ханышасы Гулчого 80 чакырым жерден жорго минип кебелбей келип, туркстан генерал-губернатору барон Веревский менен кезигишип маек курган. Даткайымдын даанышмандыгына, караакылыгы менен эркине так калып, ыраазы болгон генерал ага сый корсотуп, салт боюнча кымкап чапан жапкан эле. Ал эми Курманжан датка Веревский мырзага адатынча сары жорго тартуулаган.
1898-ж. датка айым Фергана облусунун орус торолору менен жолугуп, ангемелешкен. Орус торолору ар дайым анын куюлуштуруп таамай суйлогон кулака жагымдуу чебер созуно муюп, чукугандай соз тапкан чечендигине, эч нерседен тартынбаган откурлугуно, терен акылына жана тубаса элчилик ажаат ачар жондомуно тан калышчу. Жашы 90го таяп, улгайган чагында да анын козунун курчу кетпей , карегинен жаш кездеги жалындын учкуну чачырап суйкумдуу кара тору жузунон мээрим тогулуп турчу. Онойлук менен куйутко алдырбаган, кыйынчылыкка моюн сунбаган озгочо касиети бар жан эле. 1895-ж. уулу Камчыбек Ошто дарга асылганда кадамкидей кайратынан жанбай, олум алдында уулуна ата намысын алдырба деп акыл айтып, кайгы мунун сыртка чыгарбай, ичтен сыза кайрылып артын карабай бастырып кеткен. 1901-ж. 13-декабрда Орусия императору кылган кызматы учун ага каухар таш чогорулгон алтын саат тартуулоо жонундо жарлык кылат.
1907-ж. 1-февралда Оштон 12чакырым жердеги Мады айылында Курманжан датка 97 жаш курамында коз жумду. Алай ханышасы азыркы сапарга узатуу азасына ар тараптан коп эл келип, соогу Оштогу «Сары-Мазар» корустонуно коюлду. Андан бери кыйла жылдар отсо дагы Курманжан датканын жаркын элеси ал жонундо аныз, баян, уламыш кептер муундан-муунга мурас катары сакталып кала беруудо. Эл камын жеген акылман жолбашчы датка энени эли, кийинки урпактар эч качан унутпайт.