Автор работы: Пользователь скрыл имя, 21 Сентября 2013 в 21:40, статья
Кыргыз жазуусунун тарыхынан Тил коомдук кубулуш, анын пайда болушу жана өнүгүшү коомдун енүгүп-өсүшү менен байланыштуу. Ошондуктан кыргыз тилинин жана анын жазуусунун тарыхы да кыргыз элинин тарыхы менен түздөн-түз байланыштуу изилденүүгө тийиш.
Кыргыз эли өзүнүн улуттук жазуусуна Улуу октябрь революциясынын кийин гана ээ болгон. Бирок мындан революциядан мурдагы мезгилдерде кыргыздар эч кандай жазууну билген эмес, б.а. жазуусу болгон эмес деген жыйынтык чыгарууга болбойт.
Кыргыз жазуусунун тарыхынан
Тил коомдук кубулуш, анын пайда болушу жана өнүгүшү коомдун енүгүп-өсүшү менен байланыштуу. Ошондуктан кыргыз тилинин жана анын жазуусунун тарыхы да кыргыз элинин тарыхы менен түздөн-түз байланыштуу изилденүүгө тийиш.
Кыргыз эли өзүнүн улуттук жазуусуна Улуу октябрь революциясынын кийин гана ээ болгон. Бирок мындан революциядан мурдагы мезгилдерде кыргыздар эч кандай жазууну билген эмес, б.а. жазуусу болгон эмес деген жыйынтык чыгарууга болбойт. Археология жана тарых илимдеринин маалыматтарына караганда, кыргыз эли бир нече жазуу системасынан пайдаланып келген. Алар: орхон-енисей, байыркы уйгур, араб, латын жазуулары.
1) Орхон-енисей жазуусу.
Биздин замандын VII-VIII кылымдарында Енисей дарыясынын жогорку агымында жашашкан ата-бабаларыбыз да орхон-енисей жазуусун же байыркы түрк алфавитин пайдаланышкан. Бул алфавит кийинчирээк Орхонго (Монголияга), Орто Азияга чейин тараган. Ал жазуу байыркы түрктөрдөн калган эстеликтерде - хандардын, аскер башчылардын, уруу жетекчилеринин мүрзөлөрүнүн үстүнө коюлган эстелик таштардын беттеринде, аскалардын боорунда, металл, чопо, жыгачтан жасалган идиштердин, башка түрдүү буюмдардын беттеринде сакталып калган. Түрк жазуулары жөнүндөгү маалымат XVIII кылымдан тарта илимде белгилүү болгону менен аларды XIX кылымдын акырында гана даниялык окумуштуу В.Томсен жана орус түркологу В.В.Радлов алгачкылардан болуп окушуп, жазуунун түрк элдеринин улуу мурасы экендигин далилдешкен.
Байыркы түрк алфавитинде 38 тамга болуп, оңдон солго, же жогортон төмөн карай жазылган. Алар 8 үндүү, 16 үнсүз, бардыгы 24 фонеманы билдирген. Тамгалардын 70-80% и түрк элдеринин уруу тамгалары менен окшош. Бул жазма V-VIII түрк элдеринин тарыхын, үрп-адатын, маданиятын баяндайт. Ал түрк адабиятынын байыркы үлгүлөрү болуп саналат.
2) Байыркы уйгур жазуусу. Орхон-енисей жазуусу IХ-Х кылымдарга чейин колдонулуп келген. Тарыхый маалыматтарга караганда бул мезгилден кийин түрк уруулары уйгур жазуусу деп аталган жазуу системасына өтүшкөн.
Бул жазуунун уйгур жазуусу деп аталып калышынын себеби, биринчиден, уйгурлар Борбордук Азияда өзүнчө мамлекет болуп маданияты өнүгүп турган мезгилде согди алфавитинин негизинде түрк урууларынын фонетикалык закон ченемдүүлүгүнө ылайыкталган жаңы түрк алфавитин түзүшкөндүгүнө байланыштуу болсо, экинчиден, ал алфавит менен жазылган эстеликтердин көпчүлүгү уйгурлар жашаган жерлерден табылгандыгына байланыштуу. Уйгур алфавити менен жазылган эстеликтерди изилдөө иши XIX к. I-жарымынан башталган. Бул жазуу 1881-жылы француз окумуштуусу Ю.Клапрот тарабынан биринчи жолу окулган. Бул иште академик В.В.Радловдун да салымы зор.
Уйгур алфавитинин составы үндүүлөрдү белгилөөчү 5 тамга, үнсүздөрдү белгилөөчү 17 тамгадан туруп, 28 фонеманы билгизген. Жазылышы жана түзүлүш принциби орхон-енисей алфавитине окшош.
Түрк элдери үчүн орток мурас болгон "Өгүз наама", Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" поэмасы, Хорезминин "Махабат наама" ж.б. чыгармаларынын уйгур арибиндеги көчүрмөлөрү бар. Демек, уйгур жазуусун башка бир катар түрк элдери менен бирге кыргыздардын бабалары да пайдаланган.
3) Араб жазуусу. Бул жазуу дүйнөдө таралышы боюнча латын жазуусунан кийинки орунда турат. Ал б.з. VI кылымдын башында пайда болгон, теги арамей жазуусу менен байланышат. Бул алфавитте 28 тамга болгон, алар сөз башында, ортосунда, аягында келиши боюнча айырмаланып, оңдон солду карай жазылган.
Араб жазуусу Ортоазия калктарына ислам дини менен кошо тараган. Ислам дининин ыйык китеби "Куранды" башка тилге которууга тыюу салынган жана бардык диний жөрөлгөлөр араб тилинде жүргүзүлүп, жергиликтүү тилдер кысымга алынган. Мындай кырдаал түрк элдерин өз жазууларын унутуп (орхон-енисей, уйгур) араб жазуусуна өтүшүнө алып келген. Түрк элдери бул жазууну миң жылдан ашык мезгил колдонду. Ага негизделген түркий жазма адабий тили өнүккөн. Көптөгөн иш кагаздар, тарыхый даректер, санжыра, ыр түрүндөгү чыгармалар жазылып, биздин күнгө жеткен.
Кыргыз эли да революцияга чейин орток түркий тилин, анын графикалык системасы болгон араб жазуусун колдонуп келди. Бул алфавит менен жазгыч акын Молдо Кылыч, туңгуч агартуучулар Эшеналы Арабай уулу, Осмонаалы Сыдык уулу өздөрүнүн алгачкы китептерин чыгарышкан. Бирок араб жазуусу түрк тилдеринин тыбыштык системасына туура келбеген: үндүү тамгалар аз болгон, керексиз тамгалар орун алган, түрк тилдери үчүн зарыл болгон п,ч тамгалары болгон эмес.
Реформаланган араб алфавити. Октябрь революциясынан кийин араб жазуусу кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүнө мүмкүн болушунча ылайыкташтырылып, реформаланган (өзгөртүлгөн) кыргыз алфавити түзүлгөн. Анда 25 тамга болгон, үндүүлөрү – 4, үнсүздөрү - 20, кыбачы ичкертүүнүн кызматын аткарган. Бул алфавит менен 1924-жылы 1-кыргыз гезити "Эркин-Тоо" жарыкка чыккан. Ал жазуу 1930-жылга чейин колдонулуп, кыргыз улуттук маданиятынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон.
4) Латын графикасы. Башка түрк элдери менен бирдикте кыргыз эли да 1928-жылдан тартып латын жазуусуна өтө баштады. Латын жазуусу жер шаарында кеңири тараган жазуу, б.з.ч. VII кылымдарда пайда болгон. Анын келип чыгыш теги байыркы грек жазуусуна барып такалат.
Түрк элдеринин жазуусун араб алфавитинен латын алфавитине өткөрүү маселеси 1926-жылы март айында Бакуда өткөн I түркологиялык съезд тарабынан чечилген. Кыргызстанда 1927-жылы декабрда латын алфавити мамлекеттик алфавит катарында кабыл алынат. Бирок, араб алфавитинен латын алфавитине өтүү бир эле мезгилде болбостон, 1929-жылдын аягына чейин басма сөздөрдө эки алфавит катар колдонулуп келди. 1930-жылдан баштап гана бардык жерлерде латын алфавити колдонулууга өттү.
Латын графикасы түрк элдеринин тыбыштык өзгөчөлүгүн жакшы чагылдырган. Алфавит 25 тамгадан турган, үйрөнүүгө жеңил, жазууга оңой эле. Ал кыргыз элинин сабаттуулугун арттырып, маданий деңгээлин жогорулатууда зор тарыхый мааниге ээ болду.