Кыргыз эли колдонгон жазуулар

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 08 Мая 2013 в 07:21, реферат

Краткое описание

Араб алфавити. Араб алфавитин кыргыздар революцияга чейин 1924-1928-жылдардын аралыгында колдонушкан. 1924-жылы Орто Азиядагы элдердин улуттук чек арасы болунуп,Кыргыз автономиялуу областы тузулгон. Ушул жылдарда араб алфавитине озгортуулор киргизилип,кыргыз тилинин тыбыштык озгочолугуно ылыйык алфавиттин составына айрым тамгалар (э,ү) кошумчаланган,кээ бир артык баш тамгалар чыгарылган. Бирок араб алфавити кыргыз тилинин кун санап осушун канаатандыра алган эмес. Кемчиликтери томонкудой: 1. Араб алфавитинин составында ундуу тамгалар,айрыкча ичке ундуулор жетишсиз болгон. 2. Бир эле тамга соз башында, соз ортосунда,соз аягында ар турдуу жазылган. 3. Араб алфавитинин ондон солго караз жазылышы жазууну кыйындаткан.

Прикрепленные файлы: 1 файл

Кыргыз эли колдонгон жазуулар реферат.docx

— 47.66 Кб (Скачать документ)

   Кыргыз  эли араб жазуусуна качан өткөндүгү  тууралуу так маалымат жок.  Бирок бул мезгилди араб халифаттарынын чыгышка карай жасаган жортуулдары, Ортоазия элдерине өз саясатын жүргүзө баштаган учурлары менен байланыштырсак болот. Араб жазуусун кыргыз эли XX кылымдын башына чейин колдонуп келди.

   1917-жылдагы  социалисттик революциядан соң  кыргыз элинде Кеңеш өкмөтү  орногондо да ушул жазуудан  колдонгон. Араб жазуусунун кыргыз  тили үчүн бир топ ылайыксыз жактары эске алынып, ал реформаланып, 1927-жылга чейин колдонулган.

  Кыргызстанга  ислам дини тарай баштаган  онунчу кылымдан тартып кыргыздар  араб тамгасын колдонушкан. Орто  кылымдардагы даңазалуу аалым,  акындар Махмуд Кашгари менен  Жусуп Баласагын араб тамгасын  колдонуп, «Түрк тилдеринин сөздүгүн»,  «Кут алчу билим» дастанын  жазышкан. XV кылымдын аягы XVI кылымдын  башында Сайпидин Ахсыкенди кыргыз  тарыхы боюнча жыйнагын араб  тамгасы менен жазган. XVIII кылымда  ата-бабаларыбыз Орусияга, Кытайга  жазган каттарын араб тамгасы  менен жазышкан.

   Эң  башкысы алфавитти түзүү болуп  эсептелген. Ал үчүн мамлекет  тарабынан Жаңы алфавиттин Бүткүл  союздук Борбордук Комитети, ар  бир республикада жана автономиялык  областтарда анын жергиликтүү  органдары түзүлүп, жаңы алфавитке  өтүүнүн ар кандай маселелери боюнча бүткүл, союздук, региондук кеңешмелер өткөрүлгөн. Анда партиялык, советтик органдардын, окумуштуулардын, методисттердин жана коомчулуктун кеңири катмары бул ишти жөнгө салуу боюнча баалуу пикирлерди айтышкан.

   1924-жылы  кыргыз тилинде «Эркинтоо» газетасынын  биринчи саны жарык көрүп, улуттук басма сөздүн негизин түздү. Бул газетанын чыгышы Кыргызстанда эл агартуу иштерин өнүктүрүп, калктын сабатсыздыгын жоюу үчүн абдан чоң түрткү болду. «Эркинтоо» газетасы иш жүзүндө алгачкы окуу куралы, алгачкы алиппенин милдетин аткарып, көпчүлүк эл ошол газетадан өзүлөрүнүн сабатсыздыгын жоюшту.

   Бирок,  араб алфавити кыргыз тилинин  тыбыштык өзгөчөлүктөрүн толук чагылдыра алган эмес, б. а. бир эле тамга сөз башында, сөз ортосунда, сөз аягында ар башка жазылып, анын асты, үстүнө коюлуучу кошумча белгилери көп болгон. Мунун өзү окуу, жазуу ишин өтө кыйындатып, кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн толук көрсөтө алган эмес. Ошондуктан 1925-жылы май айында болуп өткөн мугалимдердин тунгуч съездинде араб тамгасына караганда колдонууга жеңил болгон латын тамгасына өтүүнүн зарылдыгы талкууланган. Бул маселенин курч коюлушунун дагы бир себеби, ошол кезде көп элдер латын алфавитине өтө баштагандыктан анын да алдыңкы жактары болгон.

   Араб  тамгасын кыргыздар 1928-жылга чейин  пайдаланып, андан кийин латын  жазуусуна өтүшкөн.

   Араб  жазуусунда төмөндөгүдөй кемчиликтер  бар эле:

   - араб  алфавитинин курамында үндүү  тамгалар, ичке үндүүлөр жетишсиз эле;

   - бир  эле тамга съз башында, сөз ортосунда, сөз аягында ар түрдүү жазылган;

   - араб  алфавитинин ондон солго карай  жазылышы жазууну татаалданткан;

   - алфавиттин  курамындагы 24 тамга кыргыз тилинин  тыбыштык өзгөчөлүгүн толук тейлей  алган эмес.

Азыркы кыргыз алфавити

Ар бир  тилде колдонулуп жүргөн бардык тамгалардын  белгилүү тартипке салынган ирети алфавит  деп аталат.

   Ушул  кылымдын кыркынчы жылдарынын  башында кыргыздар орус графикасына  негизделген жаңы алфавитке өткөндүгү  туурасында биз буга чейин  сөз кылдык. Бул алфавитке орус графикасында колдонулган 33 тамганын бардыгы берилип, улуттук тилдин тыбыштык составындагы өзгөчө тыбыштарды толук белгилөө үчүн дагы үч тамга кошумчаланды. Алар: ө, ү, ң. Кошумчасы менен бирге эсептегенде, кыргыз алфавитинин составы 36 тамгадан турат. Созулма үндүүлөр кыска үндүүлөрдү белгилей турган тамгаларды эки кайталап жазуу аркылуу белгиленди: аа, ээ, оо, өө, уу, үү. Кыргыз тилинде да я, ю, е, ё сыяктуу йоттошкон тамгалар бар, булар кыргыздын төл сөздөрүн жана орус тилинен кабыл алынган сөздөрдү жазууда колдонулат. Ошентип, кыргыз алфавитинин жалпы составы төмөнкүдөй тамгалардан турат:

А, Б, В, Г, Д, Е, Ё, Ж, 3, И, Й, К, Л, М, Н, Ң, О, Ө, П, Р, С, Т, У, Ү, Ф, X, Ц, Ч, Щ, Ш, Ъ, Ы, Ь, Э, Ю, Я.

   Ажыратуу (ъ) жана ичкертүү (ь) белгилери  өзүнчө тамга катары алфавиттин  составында жүргөнү менен, булар  эч кандай тыбышты билдирбейт. Бул эки тамга кыргыз лексикасына орус тилинен кабыл алынган сөздөрдө (съезд, разъезд, пальто, толь) гана жазылат.

   Сөздүктүн  ар кандай түрлөрү, тизмелер, китепканалар картотекасы ж. б. алфавит тартиби боюнча түзүлөт, алфавит тартибине салууда сөздүн башкы тамгасы гана эмес, андан кийинки тамгалары да толук бойдон эсепке алынат. Ошондо гана сөздөрдүн жайгаштырылышы толук алфавиттик тартипке келет. Тамгалардын алфавиттик тартибин жакшы билген адам сөздүктөрдөн же ар кандай тизмелерден керектүү сөздөрдү, фамилияларды, картотекадагы көрсөтүлгөн китептерди ж. б. тез таап алат, өзү да алфавит тартибине салып тизме түзүүгө же ошол сыяктуу башка иштерди аткарууга жөндөмдүү болот. Демек, алфавит тартибин билүүнүн жогоркудай практикалык иштерде чоң мааниси бар.


Информация о работе Кыргыз эли колдонгон жазуулар